KY
Жүрөк жибитүүчү сөздөр жана кайрылуулар
Күнөөлөрдүн жамандыгы
6 hadiths
Жүрөк амалдары
14
Дубаналык (дүйнө рахатынан баш тартуу) жана такыбалык
2
Салихтердин абалдары
4
Күнөөлөрдүн жамандыгы
6
Дүнүйөгө берилүүнүн жамандыгы
8
Напсиге жана кумарга берилүүнүн жамандыгы
1
Тообо
3
Напсини тазалоо
9
Бейиш менен тозоктун сыпаттары
17
6 hadiths
Абу Бакра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абдуллах бин Амр бин Аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү".
Бухари жазып калтырган
Абу Муса Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу. Атыр саткан адам: же ал сага атырын белек кылат, же сен андан сатып аласың, же жок эле дегенде анын жыпар жыты келип турат. Көөрүк үйлөгөн адам: же ал сенин кийимиңди күйгүзөт, же андан жагымсыз жытты табасың".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кыйратуучу жети күнөөдөн алыс болгула». Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Алар кайсылар?» — деп сурашты. Аллахтын элчиси: «Аллахка ширк кылуу, сыйкырчылык, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү, сүткорлук кылуу, жетимдин мал-мүлкүн жегендик, согуш учурунда артка качуу жана күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу» - деп айтты».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Күнөөсүн жарыя кылгандардан башка үммөтүмдүн баары ккечирилет. Жарыя кылуу мындай, бир адам түн ичинде күнөө кылып, Аллах анын жасаганын жашырат. Тиги болсо күндүзү: "О, баланча, мен түнү мындай, тигиндей иш кылдым" деп өзү жарыя кылат. Түндө аны Раббиси жашырган эле, Аллах жашырганды күндүзү өзү жарыя кылат".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن أبي هريرة عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: «لعن الله السارق، يسرق البَيْضَةَ فَتُقْطَعُ يده، ويسرِقُ الحَبْلَ فَتُقْطَعُ يَدُهُ».
متفق عليه