Абдуллах бин Амр бин Аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
Available in 65 languages
«Абдуллах бин Амр бин Аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү".»
Meaning translation ·
Explanation
The meaning in a few plain lines
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисте чоң күнөөлөрдү баяндап жатат. Ал чоң күнөөлөрдү аткарган адам бул дүйнөдө да, акыретте да катуу азап менен азапталат.
Чоң күнөөлөрдүн биринчиси: "Аллахка шерик кошуу". Бул ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага арноо жана Аллахтан башканы Аллахтын сыпаттары болгон улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө.
Экинчиси: Ата-энени нараазы кылуу. Ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо.
Үчүнчүсү: Душмандык кылып жана зулумдук менен адам өлтүрүү сыяктуу адилетсиздик менен адам өлтүрүү.
Төртүнчүсү: Жалгандан касам ичүү. Бул калп айтып жатканын билип туруп жалгандан касам ичүүсү. Ушул "жалгандан касам ичүү" деп аталат. Анткени ал жалгандан касам ичип жаткан адамды күнөөгө же тозокко батырып салат.