Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Артыкчылыктар жана адептер

Жабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

Available in 61 languages
«Жабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт . А эгер кирип, бирок кирээрде Аллахты эстебесе, шайтан: Түнөктү таптыңар - дейт. А эгер тамактанаарда да Аллахты эстебесе, шайтан: Тамакты да, түнөктү да таптыңар - дейт.»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйгө кирээрде жана тамак ичээрде Аллахты зикир кылууга буйруган. Эгер адам үйгө кирээрде, же тамактанаарда "Бисмиллаах" деп Аллахты эстесе, шайтан жан-жөкөрлөрүнө: Үйдүн ээси Аллахты зикир кылып силерден коргонгон бул үйдө, силерге түнөктүн да, тамактын да үлүшү жок - деп айтат. Ал эми киши үйүнө киргенде кирип баратып Аллахты зикир кылбаса жана тамактанаарда да зикир кылбаса, анда шайтан жан-жөкөрлөрүнө, алар бул үйдөн түнөк да, тамак да табууга жетишкенин кабарлайт.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality