Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди:

Available in 56 languages
«Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамга (ат-күлүгүн, курал-жарагын, азык-түлүгүн) даярдап берсе, казатка чыккандай сооп алат. Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жакшылык кылып каралашса, казатка чыккандай сооп алат".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах жолунда казатка чыккан адамдын сапарга керектүү каржыларын, курал-жарагын, азык-түлүгүн ж.б. камдап берген адам, казатка чыккандын өкүмүндө болуп, казатка чыккан адамдай соопко ээ болот. Ошондой эле казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жардам берип, ал казаттан келгенче каралашкан адам да казатка чыккандын өкүмүндө болот.

Source
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Download image

Saved at original quality