Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Артыкчылыктар жана адептер

Наввас бин Самаан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Available in 62 languages
«Наввас бин Самаан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык жана күнөө тууралуу сурадым. Ал мындай деди: "Жакшылык - мүнөздүн көркөмдүгү. Күнөө - жүрөгүңдү өйүгөн жана ал жөнүндө адамдардын билишин каалабаган нерсе."".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бирр - жакшылык жана исм - күнөө жөнүндө сурашат. Ал минтип жооп берет: Жакшылыктын эң негизги белгиси бул Аллахка такыба болуу менен жакшы мүнөздө болуу, башкалардын зыянына сабыр кылуу, көп ачууланбоо, жарык маанайда болуу, сылык сүйлөө, карым-катыш кылуу, жумшак болуу, жакшы сухбат мамиле кылуу. Ал эми күнөө бул, жүрөккө шектүү болгон нерселер кирип, ага көңүл толбой, анын күнөө экенине шек жана коркунуч пайда болгондо, жана аны кадыр-барктуу, изги адамдарга көрсөтүүнү каалабай калганда – мына ошол иш күнөө болот. Анткени, адамдын табияты жакшы амалдарынын элге көрүнүшүн жактырат. Эгер айрым иштеринин башкаларга көрүнүшүн жаман көрсө, анда ал амалда жакшылык жок, ал күнөө.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality