Артыкчылыктар жана адептер
Шаддад бин Аус (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
Available in 60 languages
«Шаддад бин Аус (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Истигфардын төрөсү мындай: Аллахым, Сен менин - Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңды жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок». Анан мындай деди: "Кимде-ким эртең менен бул сөздөрдү чын жүрөгүнөн айтса, анан ошол күнү кечке чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан. Ал эми ким бул сөздөрдү кечинде чын жүрөгүнөн айтса жана таң атканга чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан".»Meaning translation ·
Saved at original quality








