Hadith for the World
Tap the image to view it full size
Фыкх жана анын усулдары

Абу Хумайд же Абу Усайд риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

Available in 62 languages
«Абу Хумайд же Абу Усайд риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын".»

Meaning translation ·

Explanation

The meaning in a few plain lines

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө мечитке киргенде айтылган дубаны үйрөткөн. Ал дуба: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" б.а. ал Аллах Тааладан ага ырайымынын себептерин даярдап берүүсүн суранат. Эгер сыртка чыккысы келсе, анда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" -деп айтсын. Ал Аллахтан Анын жакшылыктарын жана адал ырыскынын жакшылыгын көбөйүүсүн сурайт.

Source
Муслим жазып калтырган
Download image

Saved at original quality