KY
All hadiths
The complete card collection, filter by chapter
Ыйык Куран жана анын илимдери
26
Хадис жана анын илимдери
3
Акыйда (ишеним)
135
Фыкх жана анын усулдары
288
Артыкчылыктар жана адептер
288
Чакыруу жана үгүттөө
15
Өмүр баян жана тарых
38
655 hadiths
عن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه مرفوعاً: «يُؤْتَى بجهنم يومئذ لها سبعون ألف زِمَامٍ مع كل زمام سبعون ألف ملك يَجُرُّونَهَا».
رواه مسلم
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه: أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ فِي سُجُودِهِ: «اللهُمَّ اغْفِرْ لِي ذَنْبِي كُلَّهُ دِقَّهُ، وَجِلَّهُ، وَأَوَّلَهُ وَآخِرَهُ وَعَلَانِيَتَهُ وَسِرَّهُ».
رواه مسلم
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
عن أبي سعيد الخدري رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : "الْبَاقِيَاتُ الصَّالِحَاتُ، لَا إلَهَ إلَّا اللَّهُ، وَسُبْحَانَ اللَّهِ، وَاَللَّهُ أَكْبَرُ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ، وَلَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إلَّا بِاَللَّهِ".
رواه ابن حبان والحاكم، أما النسائي فرواه في الكبرى لكن من حديث أبي هريرة
Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Азан жана икооматтын ортосунда айтылган дуба артка кайтарылбат".
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтар эле: "Аллахым, менин иштеримдин коргоочусу болгон динимди оңдо. Менин жашоом өтүп жаткан дүйнөмдү оңдо. Мен кайтып бара турган акыретимди оңдо. Өмүрдү мен үчүн ар бир жакшылыкты көбөйтүүчү кыл, ал эми өлүмдү ар бир жамандыктан арылтуучу кыл».
Муслим жазып калтырган
Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушинтип дуба кылчу: "Раббим, менин каталарымды жана билбестигимди кечир. Бардык иштеримдегеи кемчилик жана аша чабуумду кечир. Мендеги Сен Өзүң билип турган күнөөлөрүмдү кечир. Аллахым, менин каталарымды, атайын жана билбей жасаган, тамашалап кетирген кемчиликтеримди кечир. Мендеги бардык кемчиликти кечир. Аллахым, менин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүмдү кечир. Ачык жана жашыруун күнөөлөрүмдү кечир. Сен алдыда кылуучу жана кечиктирүүчүсүң. Сен бардык нерсеге күчү жетүүчү Кадырсың".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен да кечинде да бул дубаны калтырбай, дайыма айтчу: "Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын. Аллахым, Сенден динимде, дүйнө жашоомдо, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандык (жакшылык) сураймын. Аллахым, менин кемчилик-айыбымды (бардык айып-кемчилигимди) жашыр жана жүрөгүмдү тынч кыл. Аллахым, мени бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү жамандыктардан сакта. Мен Сенин улуулугуң менен астымдан келе турган жамандыктан (кайдыгер өлүмдөн) сактанам".
Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дубаларынын бир ушундай эле: "Оо, Аллахым! Мен Сенин жакшылыктарыңдын жок болуп кетүүсүнөн, аманчылыгыңдын алмашып кетүүсүнөн, кокустан келген азабыңдан жана Сенин газабыңа себеп болуучу бардык нерселерден Өзүңдүн жардамың менен коргоном".
Муслим жазып калтырган
Абдуллах бин Амр бин Аас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү сөздөрдү айтып дуба кылчу: "Аллахым, карызга батуудан, душмандын үстөмдүк кылуусунан жана табалоосунан сактоону Өзүңдөн суранам".
Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган
عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: «المؤمن الذي يخالط الناس، ويصبر على أذاهم خير من الذي لا يخالط الناس ولا يصبر على أذاهم».
رواه الترمذي وابن ماجه وأحمد
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы-капа жетсе: « Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле»-деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт «-дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат»
Муслим жазып калтырган
عن أبي هريرة رضي الله عنه عن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: «الْمُؤْمِنُ مِرْآةُ أَخِيهِ الْمُؤْمِنِ».
رواه أبو داود والترمذي
عَنْ أَبِي الدَّرْدَاءِ رضي الله عنه: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «إِنَّ اللَّعَّانِينَ لَا يَكُونُونَ شُهَدَاءَ وَلَا شُفَعَاءَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ».
رواه مسلم
Ан-Нуман бин Башир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал айтты: «Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Дуба – бул ибадат» – деп айткан соң (Курандын бул аятын) окуду: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет». (Гафир, 60-аят)
Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
عَنْ عِيَاضِ بْنِ حِمَارٍ أَخِي بَنِي مُجَاشِعٍ رَضيَ اللهُ عنه قَالَ: قَامَ فِينَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ذَاتَ يَوْمٍ خَطِيبًا، فَقَالَ: وَسَاقَ الْحَدِيثَ وَفِيهِ: «وَإِنَّ اللهَ أَوْحَى إِلَيَّ أَنْ تَوَاضَعُوا حَتَّى لَا يَفْخَرَ أَحَدٌ عَلَى أَحَدٍ، وَلَا يَبْغِي أَحَدٌ عَلَى أَحَدٍ».
رواه مسلم
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле.
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Шаддад бин Аус (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Истигфардын төрөсү мындай: Аллахым, Сен менин - Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңды жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок». Анан мындай деди: "Кимде-ким эртең менен бул сөздөрдү чын жүрөгүнөн айтса, анан ошол күнү кечке чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан. Ал эми ким бул сөздөрдү кечинде чын жүрөгүнөн айтса жана таң атканга чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан".
Бухари жазып калтырган
Абдуллах бин Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынчыл болгула, анткени чындык жакшылыкка жетелейт, а жакшылык болсо бейишке алып барат . Адам чындыкты айта берип, чынчылдыкка берилсе, Аллахтын алдында чынчыл деп жазылат. Жалган айтуудан сак болгула, анткени жалган жамандыкка жетелейт, а жамандык болсо тозокко алып барат. Адам жалган айта берип жалганга берилсе, Аллахтын алдында жалганчы деп жазылат".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Тилге жеңил, таразада оор жана Ырайымдуу (Аллахка) сүйүктүү болгон эки сөз бар. Ал: «Субханаллахиль-азыими, Субханаллахи уа бихамдихих».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок».
Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат».
Муслим жазып калтырган
Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт».
Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
Previous page
Page 13 of 28
Next page