Hadith for the World
Артыкчылыктар жана адептер

Дуба жана зикирлер

62 hadiths

62 hadiths

Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушинтип дуба кылчу: "Раббим, менин каталарымды жана билбестигимди кечир. Бардык иштеримдегеи кемчилик жана аша чабуумду кечир. Мендеги Сен Өзүң билип турган күнөөлөрүмдү кечир. Аллахым, менин каталарымды, атайын жана билбей жасаган, тамашалап кетирген кемчиликтеримди кечир. Мендеги бардык кемчиликти кечир. Аллахым, менин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүмдү кечир. Ачык жана жашыруун күнөөлөрүмдү кечир. Сен алдыда кылуучу жана кечиктирүүчүсүң. Сен бардык нерсеге күчү жетүүчү Кадырсың".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен да кечинде да бул дубаны калтырбай, дайыма айтчу: "Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын. Аллахым, Сенден динимде, дүйнө жашоомдо, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандык (жакшылык) сураймын. Аллахым, менин кемчилик-айыбымды (бардык айып-кемчилигимди) жашыр жана жүрөгүмдү тынч кыл. Аллахым, мени бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү жамандыктардан сакта. Мен Сенин улуулугуң менен астымдан келе турган жамандыктан (кайдыгер өлүмдөн) сактанам".Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дубаларынын бир ушундай эле: "Оо, Аллахым! Мен Сенин жакшылыктарыңдын жок болуп кетүүсүнөн, аманчылыгыңдын алмашып кетүүсүнөн, кокустан келген азабыңдан жана Сенин газабыңа себеп болуучу бардык нерселерден Өзүңдүн жардамың менен коргоном".Муслим жазып калтырган
Абдуллах бин Амр бин Аас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү сөздөрдү айтып дуба кылчу: "Аллахым, карызга батуудан, душмандын үстөмдүк кылуусунан жана табалоосунан сактоону Өзүңдөн суранам".Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Шаддад бин Аус (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Истигфардын төрөсү мындай: Аллахым, Сен менин - Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңды жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок». Анан мындай деди: "Кимде-ким эртең менен бул сөздөрдү чын жүрөгүнөн айтса, анан ошол күнү кечке чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан. Ал эми ким бул сөздөрдү кечинде чын жүрөгүнөн айтса жана таң атканга чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан".Бухари жазып калтырган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Тилге жеңил, таразада оор жана Ырайымдуу (Аллахка) сүйүктүү болгон эки сөз бар. Ал: «Субханаллахиль-азыими, Субханаллахи уа бихамдихих».Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عَنْ زَيْدِ بْنِ أَرْقَمَ رَضيَ اللهُ عنه قَالَ: لَا أَقُولُ لَكُمْ إِلَّا كَمَا كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: كَانَ يَقُولُ: «اللهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْعَجْزِ وَالْكَسَلِ وَالْجُبْنِ وَالْبُخْلِ وَالْهَرَمِ وَعَذَابِ الْقَبْرِ، اللهُمَّ آتِ نَفْسِي تَقْوَاهَا، وَزَكِّهَا أَنْتَ خَيْرُ مَنْ زَكَّاهَا، أَنْتَ وَلِيُّهَا وَمَوْلَاهَا، اللهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ عِلْمٍ لَا يَنْفَعُ، وَمِنْ قَلْبٍ لَا يَخْشَعُ، وَمِنْ نَفْسٍ لَا تَشْبَعُ، وَمِنْ دَعْوَةٍ لَا يُسْتَجَابُ لَهَا».رواه مسلم
عن أنس رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم كان إذا أوى إلى فراشه، قال: «الحمد لله الذي أطعمنا وسقانا، وكفانا وآوانَا، فَكَمْ مِمَّنْ لا كَافِيَ له وَلاَ مُؤْوِيَ».رواه مسلم
عن أبي هريرة-رضي الله عنه مرفوعاً: «اللهم إني أعوذ بك من الجوع، فإنه بِئْسَ الضَّجِيعُ،وأعوذُ بِكَ منَ الخِيَانَةِ، فَإنَّهَا بِئْسَتِ البِطَانَةُ».رواه أبو داود والنسائي وابن ماجه
عن أنس بن مالك رضي الله عنه قال: كان رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: «اللهم إني أعوذ بك من العَجْزِ، والكَسَلِ، وَالجُبْنِ، والهَرَمِ، والبخل، وأعوذ بك من عذاب القبر، وأعوذ بك من فتنة المحيا والممات». وفي رواية: «وَضَلَعِ الدَّيْنِ، وَغَلَبَةِ الرِّجَالِ».متفق عليه. والرواية الثانية رواها البخاري دون مسلم
Али (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага мындай деди: "Аллахым, мени туура жолго башта жана түз жүрүүгө ийгилик бер" деп дуба кыл жана дуба кылганда, туура жолду туура жолдо басып бара жатканыңды, түз жүрүүдө жебенин түздүгүн эстегин".Муслим жазып калтырган
Хавла бинт Хаким ас-Суламия (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын: "Кимде-ким кайсыл бир жерге келсе: "Аъузу би калима тиллаахит-тааммаати миң шарри маа холак" деп айтса, анда ал кайра жолун улап кеткенге чейин ага эч нерсе зыян бербейт".Муслим жазып калтырган
عن أبي هريرة رضي الله عنه مرفوعاً: «إذا أوى أحدكم إلى فراشه فَليَنْفُضْ فِرَاشَهُ بِدَاخِلَةِ إزَارِهِ فإنَّهُ لا يدري ما خلفه عليه، ثم يقول: باسمك ربي وضعت جنبي، وبك أرفعه، إن أمسكت نفسي فارحمها، وإن أرسلتها، فاحفظها بما تحفظ به عبادك الصالحين».متفق عليه
عن أبي هريرة رضي الله عنه مرفوعاً: «تعوذوا بالله من جَهْدِ البلاء، وَدَرَكِ الشقاء، وسوء القضاء، وشماتة الأعداء». وفي رواية قال سفيان: أشك أني زدت واحدة منها.متفق عليه
عن أنس بن مالك رضي الله عنه قال: كَانَ رَسُولُ اللهِ -صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ- يَقُولُ: «اللهم إني أعوذ بك من البَرَصِ، والجُنُونِ، والجُذَامِ، وَسَيِّئِ الأسْقَامِ».رواه أبو داود والنسائي وأحمد
Абдуллах бин Хубайб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп бардык. Анан аны таптым. Ал: "Айт" - деди. Мен унчуккан жокмун. Ал дагы: "Айт" - деди. Мен дагы эле эч нерсе дебедим. Ал: "Айт" - деди. Эмне деп айтам - дедим. Ал: "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди.Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган
عن طلحة بن عبيد الله رضي الله عنه أن النبي صلى الله عليه وسلم كانَ إذا رأى الهلالَ، قال: «اللّهمَّ أهِلَّهُ عليْنا بالأمْن والإيمان، وَالسَّلامَةِ وَالإسلامِ، ربِّي وربُّكَ اللهُ، هِلالُ رُشْدٍ وخيرٍ».رواه الترمذي وأحمد والدارمي، وليس عندهم لفظة: "هلال رشد وخير"، وجاءت عند ابن ابي شيبة بسند مرسل
عن جابر رضي الله عنه قَالَ: كُنَّا إِذَا صَعِدْنَا كَبَّرْنَا، وَإِذَا نَزَلْنَا سَبَّحْنَا. عن ابن عمر رضي الله عنهما قالَ: كانَ النبيُّ صلى الله عليه وسلم وجيُوشُهُ إِذَا عَلَوا الثَّنَايَا كَبَّرُوا، وَإِذَا هَبَطُوا سَبَّحُوا.حديث جابر -رضي الله عنه- رواه البخاري. حديث ابن عمر -رضي الله عنهما- رواه أبو داود
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Субхан Аллоохи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллооху, валлааху акбар" деп айтуу мен үчүн күн нуру тийген нерсенин баарынан жакшы".Муслим жазып калтырган
Каъб бин Ужранын (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир".Муслим жазып калтырган
Абу Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким түнү Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عَن عَبْدِ اللهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ رضي الله عنهما أَنَّهُ سَمِعَ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، يَقُولُ: «إِنَّ قُلُوبَ بَنِي آدَمَ كُلَّهَا بَيْنَ إِصْبَعَيْنِ مِنْ أَصَابِعِ الرَّحْمَنِ، كَقَلْبٍ وَاحِدٍ، يُصَرِّفُهُ حَيْثُ يَشَاءُ» ثُمَّ قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اللهُمَّ مُصَرِّفَ الْقُلُوبِ صَرِّفْ قُلُوبَنَا عَلَى طَاعَتِكَ».رواه مسلم
Абдуллах бин Амир бин Ааас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айткан: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке киргенде: "Ауузу биллахил азиим, ва би важхихил карим, ва султанихил кодим, минаш-шайтоонир-рожим" деп айтты. Абдуллах бин Амрдан: Ушинтип эле айтчубу? - деп сурашты. Ал: "Ооба" - деди. Эгер ушинтип айтса, шайтан: "Бул күн бою менден корголду" - деп айтат.Абу Дауд жазып калтырган