Hadith for the World
Намаз.

Намаздын милдеттүүлүгү жана намаз окубай коюунун өкүмү

5 hadiths

5 hadiths

Амир бин Шуъайб атасынан чон атасынын айтканын минтип айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө".Абу Дауд жазып калтырган
Бурайда (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан: Асыр намазын эртерээк окугула, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким асыр намазын калтырса, анын амалы текке кетет" - деген.Бухари жазып калтырган
Абдулла бин Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку" [Таха: 14]".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: "Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтып жатканын уктум: "Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат".Муслим жазып калтырган