126 hadiths
Ибн Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин алаканымды эки алаканын ортосуна кармап, ташахудду мага куду Курандын сүрөлөрүн үйрөткөндөй үйрөттү : "Саламдар, намаздар, жакшы сөздөр жана жакшы иш-аракеттер Аллахка таандык. (Аллахтын) тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сага болсун, о, пайгамбар. Бизге да, Аллахтын салих пенделерине да Аллахтын тынчтыгы болсун. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем". Хадистин башка бир версиясында: "Чындыгында Аллах - бардык айып-кемчиликтерден Таза. Качан силердин бириңер намазда отурганда минтип айтсын: "Саламдар, намаздар, жакшы сөздөр жана жакшы иш-аракеттер Аллахка таандык. (Аллахтын) тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сага болсун, о, пайгамбар. Бизге да, Аллахтын салих пенделерине да Аллахтын тынчтыгы болсун". Ушуну айтса, Аллахтын асман-жердеги бардык кулдарына жетет. "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси" деп, андан кийин каалагандай дуба кылууга ыктыярдуу".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот. Бул мындай, эгер алардын бири даарат алганда жеткиликтүү даарат алса, анан намаз окуу үчүн гана мечитке келсе, анын ар бир шилтеген кадамына даражасы көтөрүлөт, ошого жараша катасы өчүрүлөт. Ошентип мечитке кирип, канча убакыт намазды күтүп отурса, намазда отургандай эсептелет. Силерден бирөөңөр намаз окуган ордунда отурса, анын даараты бузулбаса же бирөөгө зыян тийгизбесе, периштелер ага дуба кылып:
Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл дешет".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)