Hadith for the World
Topic

Артыкчылыктар жана адептер

288 hadiths

288 hadiths

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Бири-бириңе көралбастык кылбагыла. Бири-бириң менен (адамдарды алдоо үчүн) жасалма соода кылбагыла. Бири-бириңерди жек көрбөгүлө. Бири-бириңерден жүз буруп артыңарды салып кетпегиле. Бириңдин соодасынын үстүнөн экинчиң соода кылбагыла. Бир тууган Аллахтын пенделери болгула! Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулум кылбайт, аны таштап койбойт, аны кемсинтпейт. Такыбалык ушул жерде" деп анан колу менен үч жолу көкүрөгүн көрсөттү. Анан: "Мусулман бир тууганын кемсинтүү кишиге жетиштүү күнөө болот. Ар бир мусулмандын каны, малы, ар-намысы экинчи мусулманга арам" - деди.Муслим жазып калтырган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Бир киши Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - деди. Андан кийин кайра-кайра сураганда Пайгамбар: «Ачууланба» - деп кайталады.Бухари жазып калтырган
Умар ибн аль-Хаттаб (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылат. Ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин укту: «Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек».Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат. Кимде-ким бирөөнүн ишин жеңилдетсе, Аллах анын ишин дүйнө жана акыретте жеңилдетет. Кимде-ким мусулмандын айыбын жашырса, Аллах дүйнө жана акыретте анын айыбын жашырат. (Диндеш) тууганына жардам берген пендеге Аллах да жардам берет. Кимде-ким илим издеп жолго чыкса, ошол үчүн Аллах ага бейиштин жолун жеңил кылат. Кайсы бир адамдар Аллахтын үйлөрүнүн бирине чогулуп Аллахтын китебин окуп, бири-бирине үйрөтсө, аларга бейпилдик түшөт, ырайым ороп алат, аларды периштелер курчайт, Аллах аларды периштелерге мактайт. Кимди иш-амалдары артта калтырса, аны ата-теги алдыга жылдырып койбойт".Муслим жазып калтырган
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: «وَاللهِ إني لأَسْتَغْفِرُ اللهَ وأَتُوبُ إليهِ في اليومِ أَكْثَرَ من سَبْعِينَ مَرَّةً».رواه البخاري
عن الْأَغَرِّ رضي الله عنه، وَكَانَ مِنْ أَصْحَابِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يَا أَيُّهَا النَّاسُ تُوبُوا إِلَى اللهِ، فَإِنِّي أَتُوبُ فِي الْيَوْمِ إِلَيْهِ مِائَةَ مَرَّةٍ».رواه مسلم
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Андан кийин ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим! Менин күнөөмдү кечир» - деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим, менин күнөөмдү кечир» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Каалаганыңды кыл, анткени Мен сени кечирдим» - деп айтты.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن أبي أمامة رضي الله عنه أن النبي صلى الله عليه وسلم كَانَ إذا رَفَعَ مَائِدَتَهُ، قال: «الحَمْدُ للهِ حَمْدًا كَثِيرًا طَيِّبًا مُبَارَكًا فِيهِ، غَيْرَ مَكْفِيٍّ، وَلَا مُوَدَّعٍ، وَلَا مُسْتَغْنًى عَنْهُ رَبَّنَا».رواه البخاري
عن أبي هريرة رضي الله عنه أن النبي صلى الله عليه وسلم قال: «لا يُلْدَغُ المؤمنُ من جُحْرٍ واحد مرتين».متفق عليه
Жарир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким боорукерликтен куру калса, бардык жакшылыктан куру калыптыр".Муслим жазып калтырган
عن أنس رضي الله عنه قَالَ: كُنْتُ أمشي مَعَ رسول الله صلى الله عليه وسلم وَعَلَيْهِ بُرْد نَجْرَانيٌّ غَلِيظُ الحَاشِيَةِ، فأدْرَكَهُ أعْرَابِي فَجَبذَهُ بِرِدَائِهِ جَبْذَة شَديدة، فَنَظَرْتُ إِلَى صَفْحَةِ عَاتِقِ النَّبيِّ صلى الله عليه وسلم وَقَدْ أثَّرَتْ بِهَا حَاشِيَة الرِّدَاءِ مِنْ شِدَّةِ جَبْذَتِه، ثُمَّ قَالَ: يَا مُحَمَّدُ، مُر لِي مِنْ مَالِ اللهِ الَّذِي عِنْدَكَ. فَالتَفَتَ إِلَيْهِ، فَضَحِكَ ثُمَّ أَمَرَ لَهُ بِعَطَاءٍ.متفق عليه
عَنْ أَنَسٍ رَضيَ اللهُ عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَوْ كَانَ لِابْنِ آدَمَ وَادِيَانِ مِنْ مَالٍ لَابْتَغَى وَادِيًا ثَالِثًا، وَلَا يَمْلَأُ جَوْفَ ابْنِ آدَمَ إِلَّا التُّرَابُ، وَيَتُوبُ اللهُ عَلَى مَنْ تَابَ».متفق عليه
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: ما عاب رسول الله صلى الله عليه وسلم طعاما قط، إن اشتهاه أكله، وإن كرهه تركه.متفق عليه
عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ رضي الله عنهما: أَنَّ نَبِيَّ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ عِنْدَ الْكَرْبِ: «لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ الْعَظِيمُ الْحَلِيمُ، لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ رَبُّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ، لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَرَبُّ الْأَرْضِ وَرَبُّ الْعَرْشِ الْكَرِيمِ».متفق عليه
عَن أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا تَثَاءَبَ أَحَدُكُمْ فَلْيُمْسِكْ بِيَدِهِ عَلَى فِيهِ، فَإِنَّ الشَّيْطَانَ يَدْخُلُ».رواه مسلم
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Гыйбат эмне экенин билесиңерби?” - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - дешти. Ал айтты: «Бир тууганыңды ал жактырбаган жагын айтууң» - деди. Ага: «Билесиңби, менин бир тууганымда менин айтканым бар болсочу?» - деп айтылганда Пайгамбар: «Эгер айтканың бар болсо, анда сен аны гыйбат кылган болосуң. Эгер болбосо, анда ага жалаа жапкан болосун» - деп айтты.Муслим жазып калтырган
عن ابن عمر رضي الله عنهما مرفوعا: «الظلم ظلمات يوم القيامة». عن جابر رضي الله عنهما مرفوعا: «اتقوا الظلم، فإن الظلم ظلمات يوم القيامة، واتقوا الشُّحَ؛ فإنه أَهْلَكَ من كان قبلكم».حديث ابن عمر -رضي الله عنهما-: متفق عليه. حديث جابر -رضي الله عنه-: رواه مسلم
Хавла аль-Ансарийа (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Аллахтын мүлкүн адилетсиздик менен иштеткен эркектер, алар Кыямат күнү тозокто болушат».Бухари жазып калтырган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Күмөн саноодон сактангыла! Анткени, күмөн саноо сөздөрдүн жалганы . Адамдардын айыбын издебегиле, тыңчылык кылбагыла, бири-бириңерге көралбастык кылбагыла, кол үзүп кетпегиле, жек көрүп калбагыла! Эй, Аллахтын пенделери, бир тууган болгула!"Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулманды сөгүү - пасыктык, өлтүрүү - каапырдык".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : "إذا كنتم ثلاثة فلا يتناجى اثنان دون الآخَر، حتى تختلطوا بالناس؛ من أجل أن ذلك يحُزنه".متفق عليه
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضيَ اللهُ عنهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «انْظُرُوا إِلَى مَنْ أَسْفَلَ مِنْكُمْ، وَلَا تَنْظُرُوا إِلَى مَنْ هُوَ فَوْقَكُمْ، فَهُوَ أَجْدَرُ أَلَّا تَزْدَرُوا نِعْمَةَ اللهِ عَلَيْكُمْ».متفق عليه
عن أنس بن مالك رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : «كلُّ بني آدم خَطَّاءٌ، وخيرُ الخَطَّائِينَ التوابون».رواه الترمذي وابن ماجه والدارمي وأحمد
Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага айтты: «Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».Муслим жазып калтырган