Hadith for the World
Артыкчылыктар жана адептер

Ахлактар

56 hadiths

56 hadiths

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү».Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Масууд Аль-Ансари, радыяллаху анху, айтты: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алдына бир киши келип: «Менин улоом өлүп калды, мага мени мингизип алып жүргөнү улоо берчи» десе, Пайгамбар ага: «Менде жок» - деди. Башка бир киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен ага аны ким мингизип аларын көрсөтөм» - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким жакшылыкка жол көрсөтсө, анда ага аны аткарган адамдын сообундай сооп болот» - деп айтты.Муслим жазып калтырган
عن عبد الله بن عمرو بن العاص رضي الله عنهما أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: «من الكبائر شَتْمُ الرجل والديه» قيل: وهل يسبّ الرجل والديه؟ قال: «نعم، يسبّ أبا الرجل فيسبّ أباه، ويسبّ أمّه، فيسبّ أمّه».متفق عليه
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын».Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Жарир бин Абдулла (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Аллах Таала ага ырайым кылбайт».Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам».Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган
عن أبي هريرة رضي الله عنه عن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: «الْمُؤْمِنُ مِرْآةُ أَخِيهِ الْمُؤْمِنِ».رواه أبو داود والترمذي
عَنْ أَبِي الدَّرْدَاءِ رضي الله عنه: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «إِنَّ اللَّعَّانِينَ لَا يَكُونُونَ شُهَدَاءَ وَلَا شُفَعَاءَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ».رواه مسلم
عَنْ عِيَاضِ بْنِ حِمَارٍ أَخِي بَنِي مُجَاشِعٍ رَضيَ اللهُ عنه قَالَ: قَامَ فِينَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ذَاتَ يَوْمٍ خَطِيبًا، فَقَالَ: وَسَاقَ الْحَدِيثَ وَفِيهِ: «وَإِنَّ اللهَ أَوْحَى إِلَيَّ أَنْ تَوَاضَعُوا حَتَّى لَا يَفْخَرَ أَحَدٌ عَلَى أَحَدٍ، وَلَا يَبْغِي أَحَدٌ عَلَى أَحَدٍ».رواه مسلم
Абдуллах бин Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынчыл болгула, анткени чындык жакшылыкка жетелейт, а жакшылык болсо бейишке алып барат . Адам чындыкты айта берип, чынчылдыкка берилсе, Аллахтын алдында чынчыл деп жазылат. Жалган айтуудан сак болгула, анткени жалган жамандыкка жетелейт, а жамандык болсо тозокко алып барат. Адам жалган айта берип жалганга берилсе, Аллахтын алдында жалганчы деп жазылат".Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт».Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
Саъд бин Абу ваккас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум: "Аллах Таала такыба, бай, купуя пендени жакшы көрөт".Муслим жазып калтырган
Жаабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган. Ач көздүк аларды кан төгүүгө, арамды адал кылууга түрткөн".Муслим жазып калтырган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Кайсы иште жумшактык болсо, ал ишти көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет".Муслим жазып калтырган
Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет".Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган
Абдуллах бин Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаман сөз сүйлөгөн эмес жана андайга жол берген эмес. Ал: " Силердин жакшыңар - ахлагыңар жакшыңар" - деп айтчу.Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Абу Муса ал-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт ". Анан бул аятты окуду: "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" (Худ: 102-аят).Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жеңил көрсөткүлө, оор кылбагыла, сүйүнчүлөгүлө, качырбагыла!"Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
عن أبي هريرة رضي الله عنه مرفوعًا: «بينما رجل يمشي في حُلَّةٍ تُعْجِبُهُ نَفْسُهُ، مُرَجِّلٌ رأسه، يَخْتَالُ في مَشْيَتهِ، إذ خَسَفَ اللهُ به، فهو يَتَجَلْجَلُ في الأرض إلى يوم القيامة".متفق عليه
عَنْ أَبِي مُوسَى الأَشْعَرِيِّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «أَطْعِمُوا الجَائِعَ، وَعُودُوا المَرِيضَ، وَفُكُّوا العَانِيَ».رواه البخاري
عن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه عن النبيِّ صلى الله عليه وسلم ، قَالَ: «لا يدخلُ الجنةَ مَن كان في قلبه مِثقال ذرةٍ من كِبر» فقال رجل: إنّ الرجلَ يحب أن يكون ثوبه حسنا، ونَعله حسنة؟ قال: «إنّ الله جميلٌ يحب الجمالَ، الكِبر: بَطَرُ الحق وغَمْطُ الناس».رواه مسلم
Самура бин Жундаб жана Мугира бин Шууба (аларга Аллах ыраазы болсун) экөө айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот".رواه مسلم في مقدمته